Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-декабры № 11
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды сарптоо жөнүндө
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунушуту даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн жана Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын долбоордук сунуштар боюнча маалыматтарын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамына таянып Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Жол айылынын №9 Умаров орто мектебинин“Ашкана” долбоордук сунушу бекитилсин.
2. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын (тартылган каражаттар) өлчөмү 15%ти, 485862 сом болуп бекитилсин. Бул акча каражаты долбоор ишке ашып калса 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Долбоор боюнча консалтингдик жана инжиниринг кызматтарын көрсөтүү боюнча чыгымдарынын өлчөмү 73893 сом болуп бекитилсин. Бул акча каражаты 2018-жылы жергиликтүү бюджетинен долбоор ишке ашып калса бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч. Култаевага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиянын жетекчисине жүктөлсүн.
Төрага | Т. Өзүбеков |