Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-февралы № 3
Терек-Сай айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылга киреше жана чыгаша болуктөрун, 2018- жылга долбоорун жана 2019-жылга божомолу жүнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджет жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Терек – Сай айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүн жана 2018- жылга долбоорун жана 2019-жылга божомолун бекитүүжөнүндө угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 8779,5 миң сомго бекитилсин.
2. Терек-Сай айылдык аймагынын 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 8779,5 миң сомго ылайык бекитилсин.
3. Терек-Сай айылдык аймагында статистикалык маалыматтар боюнча калктын саны 5000ден (беш миңден) ашкандыгына байланыштуу Кыргыз Републикасынын Өкмөтүнүн 08.07.2013-жылы чыккан №403 токтомунун негизинде Терек-Сай айылдык аймагынынмуниципалдык кызматтын штат бирдигине 2(эки) штат (бир башкы адис, бир адис кызматтары) кошулуп бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын бюджеттинин негизги принциптери жана укуктары жөнүндөгү мыйзамынын 21 беренесине ылайык айылдык аймагынын башчысынын резервдик фонду 81,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Жергиликтүү бюджет биринчи кезекте коргоого алынган беренелерге жана коммуналдык чыгымдарга каржылоо жагы белгиленсин.
6. Терек-Сай айылдык аймагынын 2018-жылга карата бюджеттин долбоору 9 351,5 миң сомго жана 2019-жылга божомол 10 037,5 миң сомго бекитилсин.
7. Бекитилген лимиттерди өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы-экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
9. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Алымкулов Н.А. |