Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-февралы № 4
2017-жылга иштетилбей калган калдыкты бөлүштүрүү жөнүндө
Терек – Сай айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн 2017-жылга иштетилбей калган калдыкты бөлүштүрүү жөнүндөгү билдируусун угуп жана талкуулап Терек-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын 2017-жылга иштетилбей калган (свободный остаток) калдыгы имараттарды жана курулмаларды куруу иштерине (3111) 2559,7 миң сом, утурумдук ремонтторго (2221) 300,0миң сом , жабдууларды сатып алууга (2222) 360,0 миң сом, ар түрдүү чыгымдарга (2215) 880,3 миң сом акча каражаты бөлүштүрүлүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин курулуш, өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Алымкулов Н.А. |