Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты № 4
Терек-Cай айыл аймагында түзүлгөн “ Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасына спецтехникаларды, участканы өткөрүп берүү жана кайрылуусун кароо жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында түзүлгөн “Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушун үзгүлтүксүз жана толук кандуу аткаруу үчүн ишканын директору Ш.Балтагуловдун кайрылуусун угуп жана талкулап, Кыргыз Республикасынын 15-июль 2011-жылы чыккан “Жергиликтүү өз алдынча жөнүндөгү” мыйзамынын, 25-сентябрь 2003-жылы чыккан “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикасы жөнүндө” мыйзамынын 22-беренесинин, 15-март 2002-жылы чыккан “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 16-беренесинин негизинде Терек – Сай айылдык КеңешининVII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушун үзгүлтүксүз жана толук кандуу аткаруу үчүн төмөндөгүдөй спецтехникалар жана таштанды таштоо үчүн бөлүнгөн участкасы бөлүнүп берилсин.
2. Терек-Сай айылдык аймагы тарабынан 1 трактор, 1 Краз, 1 Портер техникаларын жана 1 пластик эшик терезе жасоочу станокту “Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишкасынын балансына кайтарымсыз өткөрүлүп берилсин.
3. Терек-Сай айылдык аймагы тарабынан “Май Таш” участкасы “Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын балансына кайтарымсыз өткөрүлүп берилсин.
4. “Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасына кайрылуусун негизинде иштетилбей калган калдыктын эсебинен офистик жабдууларды сатып алуу,имаратынын утурумдук ремонт иштери жана техникаларын ремонттоо үчүн көмөк көрсөтүү максатында 193 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5. Бул токтомду аткаруу жагы Терек-Сай айылдык аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага жана жооптуу катчы Б.Анарбаевага милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Алымкулов Н.А. |