КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 9-августу ПЖ № 307 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ 2005-жылы туристтик сезонду өткөрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасында туризмди андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө 2005-жылы туристтик сезонду ийгиликтүү өткөрүү, Кыргыз Республика-сында туризм жана эс алуу индустриясын андан ары өнүктүрүү үчүн жагым-дуу шарттарды түзүү максатында токтом кылам: 1. Туризм Кыргызстандын экономикасынын мамлекеттик бюджетти толту-руу үчүн кыйла экспорттук мүмкүнчүлүктөргө жана потенциалга ээ болгонартыкчылыктуу тармагы деп эсептелсин. 2. 2005-жылы туристтик сезонду өткөрүү үчүн жагымдуу шарттардытүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргызстанды туризмөлкөсү катары алга илгерилетүү боюнча Уюм" долбоорун тењ финансылоо бо-юнча кабыл алынган милдеттенмелерди Кыргыз Республикасынын Туризм,спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетине каралган кара-жаттардын чектеринде аткарууну камсыз кылсын. 3. Кыргызстанда туризмди андан ары өнүктүрүү жана экологиялык ба-лансты сактоо боюнча чараларды турмушка ашыруунун алкагында Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү: - 2006-жылга жана кийинки 5 жылга республикалык бюджетте Кыргызс-танды туризм өлкөсү катары алга илгерилетүү боюнча ишчараларгабөлүнүүчү финансылык каражаттарды көбөйтүүнү жана туристтик кызматкөрсөтүүлөргө суроо-талапты жогорулатууну карасын; - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте туризмдиөнүктүрүү жагынан алда канча келечектүү администрациялык аймактарда ту-ристтик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө жагымдуу болгон өзгөчө иш ре-жими бар атайын туристтик зоналарды түзүү мүмкүнчүлүгүн карасын; - Ысыккөл областынын мамлекеттик администрациясы менен бирдиктетөмөнкүдөй маселелерди чечсин: Ысыккөлгө туристтик жолжомолорду компьютердик брондоо жана сатуумүмкүнчүлүгү менен 2006-жылы Алматы шаарында (Казакстан Республикасы)маалыматтын жана курорттук-рекреациялык мекемелердин Туристтик борборунуюштуруу; 2006-жылдын биринчи жарымынан тартып Алматы шаары (Казакстан Рес-публикасы) менен Чолпоната шаарынын (Кыргыз Республикасы) ортосунда ту-руктуу автомобилдик байланышты уюштуруу; - тиешелүү илим изилдөө институттарын кошуу менен 2006-жылы тие-шелүү аймактарда антропогендик оорчулуктун илимий жактан негизделгенченемдерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү камсыз кылсын. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өнөктөштүк жана кызматташтыкпринциптеринде: - Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясы менен бирдикте "Соци-алдык туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштепчыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине киргизсин; - туристтик уюмдар менен бирдикте Кыргызстанда туризм индустриясы-нын иштешине жана өнүгүшүнө тоскоолдук кылган ченемдик укуктук актылар-ды текшерүүнү жүргүзсүн. 5. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык саясатбөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев