Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-майы № 3
Иштетилбей калган калдыктын (свободный остаток) эсебинен акча каражатын бөлүштүрүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу билим берүү мекемелерине (Терек-Сай орто мектеби, А.Чымканаев атындагы жана Б.Камчыбеков атындагы орто мектептерине), мектепке чейинки билим берүү мекемелерине ( “Келечек” , “Ай-Нуру” жана “Бүчүрү”) . Терек-Сай маданият үйүнө жана Терек-Сай айыл аймагынын чатырчаларына өрткө каршы чараларды көрүү максатында суюктуктарды чачтыруу үчүн сарпталуучу акча каражатын бөлүштүрүп берүү жөнүндө Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Суванованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык КеңешининVII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу билим берүү мекемелерине (Терек-Сай орто мектеби, А.Чымканаев атындагы жана Б.Камчыбеков атындагы орто мектептерине), мектепке чейинки билим берүү мекемелерине ( “Келечек” , “Ай-Нуру” жана “Бүчүрү”) . Терек-Сай маданият үйүнө жана Терек-Сай айыл аймагынын чатырчаларына өрткө каршы чараларды көрүү максатында суюктуктарды чачтыруу үчүн 485 ,6 миң сом акчакаражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Алымкулов Н.А. |