Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-майы № 6
Иштетилбей калган калдыктын (свободный остаток) эсебинен акча каражатын бөлүштүрүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагында жөнүндө Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Суванованын Чаткал райондук аскер комиссариатынан имаратын оңдоп-түзөө боюнча материалдык каражат жагынан жардам сурап кайрылган каты боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал райондук аскер комиссариатынын имаратын ондоп-түзөө иштерине материалдык жардам көрсөтүү үчүн 20,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |