Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-майы № 7
Иштетилбей калган калдыктын (свободный остаток) эсебинен акча каражатын бөлүштүрүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагындагы жашоо шартына байланыштуу материалдык жардам сурап кайрылган Школьная-1 көчөсунүн тургундары Сулайманов Рашидге жана Абдрахманова Саадатбүгө, Ак-Терек көчөсүнүн тургундары Чолпонкулов Эркинге жана Тойчиев Эрмекке, Горняк-2 көчөсүнун тургундары Кочкоралиева Катычага жана Алимбеков Уметбекке, Эшалы болуш көчөсүнун тургундары Тойчиева Ибадатка жана Ахунжанова Гулфирага, Рудничная көчөсүнүн тургуну Абасова Зулфия материалдык жардам сурагандыктары жөнүндө Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Суванованын билдирүүсүн, угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу төмөнкү аталган көчөлөрдүн тургундарына материалдык жардам көрсөтүү максатында: Школьная-1 көчөсунүн тургундары Сулайманов Рашидге 30, 0 миң сом жана Абдрахманова Саадатбүгө 5, 0 миң сом, Ак-Терек көчөсүнүн тургундары Чолпонкулов Эркинге 20, 0 миң сом жана Тойчиев Эрмекке 5 , 0 миң сом, Горняк-2 көчөсүнун тургундары Кочкоралиева Катычага 10, 0 миң сом жана Алимбеков Уметбекке 20,0 миң сом, Эшалы болуш көчөсүнүн тургундары Тойчиева Ибадатка 3 ,0 миң сом жана Ахунжанова Гулфирага15,0 миң сом , Рудничная көчөсүнүн тургуну Абасова Зулфияга 3, 0 миң сом. Жалпысынан 111,0 миң сом акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |