Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-майы № 8
Иштетилбей калган калдыктын (свободный остаток) эсебинен акча каражатын бөлүштүрүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Ынтымак көчөсүнүн тургундарынын ( 7 Үй-бүлөгө) Ак-Терек айылындагы насостон чыккан ашыкча таза сууну труба аркылуу өздөрү тарапка өткөрүп , чыгарып алууга керектелуучу материалдарга жардам берүүсү жөнүндөгү билдирүүсүн, угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-сай айылдык аймагына караштуу Ынтымак көчөсүндөгү 7 үй-бүлөгө Ак-Терек айылынан чыгып жаткан таза сууну труба аркылуу өткөрүп алуу үчүн керек болуучу материалдарды алуу үчүн 10, 7 миң сом акча бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |