Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-майы № 9
Иштетилбей калган калдыктын (свободный остаток) эсебинен акча каражатын бөлүштүрүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштууу Камчыбеков атындагы орто мектебинин директору К.Аликееванын мектептеги 2-корпустун эшик-терезелерин, коридордун полун жана жылытуу системасын куруу иштери үчүн Мерсико кайрымдуулук фонду менен биргеликте жумуш алып барууда өздүк салым үчүн акча каражатынын керектиги жөнүндөгү билдирүүсүн, угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Камчыбеков атындагы орто мектебинин 2-корпусун ондоо-түзөө иштерин жүргүзүүдө гранттык салым үчүн 140,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |