Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-майы № 10
Иштетилбей калган калдыктын (свободный остаток) эсебинен акча каражатын бөлүштүрүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагында жөнүндө Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Суванованын Терек-Сай айылынын 35 жаштан жогорку спортту сүйүүчүлөрдүн топ оюндары үчүн патриоттук духун көтөрүү максатында акча каржатын бөлүштүрүү боюнча билдирүүсүн, угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Терек-Сай айылынын 35 жаштан жогорку спортту сүйүүчүлөрүнүн топ оюндары үчүн 5,0 миң сом акчакаражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |