Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-майы № 11
Иштетилбей калган калдыктын (свободный остаток) эсебинен акча каражатын бөлүштүрүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Ак-Терек айылында жайгашкан коомдук баняны реконструкциялоодо чатырчасын жабуу иштерине проектиде көрсөтүлгөн сумманын жетпей калганына байланыштуу кошумча проектинин сметасына ылайык акча каражатынын зарылдыгы жөнүндөгү Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т. Суванованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылында жайгашкан коомдук баняны реконструкциялоодо чатырчасын жабуу иштери үчүн кошумча түзүлгөн сметага ылайык 633,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |