Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-майы № 12
Иштетилбей калган калдыктын (свободный остаток) эсебинен акча каражатын бөлүштүрүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай айылынын борборунда жайгашкан эски соода түйүнүн бузуп, ордуна жаны имарат (бизнес-инкубатор) куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү зарылчылыгы жөнүндөгү жер адисинини билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылынын борборунда жайгашкан эски соода түйүнүнүн бузулуп, ордун курулуучу бизнес-инкубатор үчүн 256 м\ кв жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын жер адисинин милдетин аткаруучу И.Смановго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин курулуш жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |