Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-майы № 1
Юркон Майнинг ЖЧКна геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
“Юркон Майнинг” ЖЧКнун 2017-жылдын 02-майындагы №01-8/566 кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын жер казыналар жөнүндөгү мыйзамына ылайык “Юркон Майнинг” ЖЧКнун 4970 жана 4969 АР Лицензияларынын негизинде Чыгыш Кассан-Тереккан аянтына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жер участогун бөлүп берүү жөнүндөгү “Юркон Майнинг” ЖЧКнун өкүлү А.Алиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Терек – Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына «Юркон Майнинг» ЖЧКна Терек-Сай айылдык аймагындагы Чыгыш Кассан-Тереккан аянтына 4969 АР Лицензиясынын негизинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө 590,8 га жана 4970 АР Лицензиясынын негизинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө 10324,1 га жер аянтын бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы онор жай, транспорт, байланыш, курулуш, энергетика жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |