Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-майы № 2
“Кирекс ОФ Минералс” ЖЧКна геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
“Кирекс оф Минералс” ЖЧКнун 2017-жылдын Терек-Сай айылдык аймагында 06.04.2017-жылы катталган № 90 кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын жер казыналар жөнүндөгү мыйзамына ылайык “Кирекс оф Минералс” ЖЧКнун № 5151 АП Лицензияларынын негизинде Каракыра аянтына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жер участогун бөлүп берүү жөнүндөгү “ Кирекс оф Минералс” ЖЧКнун директору Э.Жумаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Терек – Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына «Кирекс оф Минералс» ЖЧКна Терек-Сай айылдык аймагындагы Каракыра аянтына №5151 АП Лицензиясынын негизинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө 1472,7 га жера аянтын бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өнөр жай, транспорт, байланыш, курулуш, энергетика жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Алымкулов Н.А. |