Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июну № 1
Терек-Сай айылдык аймагы Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондуна долбоор даярдоо жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын жергиликтүү тургундарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Терек-Сай айылдык аймагынын жергиликтүү Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Терек-Сай ” айылдык аймагына бир Эксковатор жана бир Хова унаасын сатып алуу үчүн Жалал-Абад областтык өнүгүү фондуна сапаттуу долбоор даярдап өткөрүү сунушталсын.
2. “Терек-Сай” айылдык аймагына бир Эксковатор жана бир Хова техникаларын сатып алуу үчүн 7 224 000 сом акча каражатын бөлдүртүп алуу жагы Жалал-Абад областык өнүгүү фондунан суралсын .
3. “Терек-Сай” айылдык аймагына бир Эксковатор жана бир Хова техникаларын сатып алуу үчүн 2 500 000 сом акча каражаты өздүк салым катарында бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |