Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июну № 2
Терек-Сай айылдык аймагынын интернет байланышына толук жылга кошумча акча каражатын чечип берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Т.Суванованын кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жергилктүү Кеңешинин 2017-жылдын 12-июнундагы VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагында иш кагаздар интернет аркылуу болгондуктан, жумушту үзгүлтүксүз алып кетүү үчүн ар айга 17100 (он жети миң бир жүз) сомдон чыгымдалат бирок, жылдын башында 85800 (сексен беш миң сегиз жүз) сом гана бекитилип калган. Ошондуктан интернет байланышына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 119400 (бир жүз он тогуз миң төрт жүз) сом кошумча акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |