Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июну № 3
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу үч мектептин утурумдук ремонтторуна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу орто мектептердин директорлорунун кайрылууларын карап чыгып, талкуулап Жергиликтүү Кеңешинин 2017-жылдын 12-июнундагы VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу орто мектептердин утурумдук ремонтторуна Чаткал билим берүү мекемесинен жылда мектептердин аянтына куба туурасына карап акча каражатын бөлүп берип жүргөн.Быйылкы жылы балдардын санына карап болгондуктан үч мектепке тең 20 000 сомдун тегерегинде гана бөлүнгөн.Ошондуктан жергиликтүү бюджеттин эсебинен орто мектептердин ремонтторуна керектелүүчү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |