Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июну № 5
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу үч бала бакчанын чай ичүүчү кружкаларын алмаштыруу жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу үч бала-бакчанын директорлорунун кайрылууларын карап чыгып талкуулап, Жергиликтүү Кеңешинин 2017-жылдын 12-июнундагы VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу үч бала бакчанын чай ичүүчү кружкалары эскилигине жеткендигине байланыштуу кайра жаңылап алмаштыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 40000 (кырк миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Алымкулов Н.А. |