Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июну № 6
Терек-Сай айылдык аймагында 7-июнь финансисттер күнүн райондук деңгээлде өткөрүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Т.Суванованын кайрылуусун карап чыгып талкуулап, Жергиликтүү Кеңешинин 2017-жылдын 12-июнундагы VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагында 7-июнь - финансисттер күнүн райондук деңгээлде өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |