Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июну № 7
Терек-Сай маданият үйүнүн терезелерине жалюзи алуу жана залдагы олтургучтардын сырттарын (чехолдорун) алмаштыруу жөнүндө
Терек-Сай маданият үйүнүн башчысы К.Ж.Токонованын кайрылуусун карап чыгып талкуулап, Жергиликтүү Кеңешинин 2017-жылдын 12-июнундагы VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай маданият үйүнүн терезелерине жалюзи алуу жана залдагы олтургучтардын сырттарын алмаштырып, жаңылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 24 600 (жыйырма төрт миң алты жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |