Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июну № 8
Терек-Сай айылында балдарды Жалал-Абад шаарына күрөш боюнча мелдешке алып барып келүү жөнүндө
Терек-Сай айылынын Ак-Терек көчөсүндө жайгашкан күрөш залынын машыктыруучусу Д.Исмановдун кайрылуусун карап чыгып талкуулап, Жергиликтүү Кеңешинин 2017-жылдын 12-июнундагы VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылынан Жалал-Абад шаарына балдарды күрөш боюнча мелдешке алып барууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен .6000 (алты миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы улуттар аралык маселелер, социалдык жана аялдар, жаштар, миграция маселелри боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |