Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июну № 11
Кызыл-Токой жана Терек-Сай айылдарынын негизги көчөлөрүн жарыктандыруу жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, карап чыгып Жергилктүү Кеңешинин 2017-жылдын 12-июнундагы VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Токой жана Терек-Сай айылдарынын негизги көчөлөрүн жарыктандыруу үчүн топосьемкасы жана изысканиясына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 80 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |