Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июну № 12
Терек-Сай айыл өкмөтүнө ажаткана куруу жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, карап чыгып Жергиликтүү Кеңешинин 2017-жылдын 12-июнундагы VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл өкмөтүндө ажаткана жоктугуна байланыштуу жаңы ажаткана курууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 69152 (алтымыш тогуз миң бир жүз элүү эки) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |