Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июну № 13
Терек-Сай айыл өкмөтүнүн экинчи кабатына архив бөлмөсүн ачуу жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, карап чыгып Жергиликтүү Кеңешинин 2017-жылдын 12-июнундагы VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл өкмөтүндө архив бөлмөсү жок болгондуктан экинчи кабатына жаңы бөлмө ачуу үчүн документ коюуга текчелерди жасатууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 18375 (он сегиз миң үч жүз жетимиш беш) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |