Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июну № 16
Кызыл-Токой айылына жана Ак-Терек көчөсүнүн суу жээктерин бекемдөө үчүн габион сеткаларга таш ташуу жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап карап чыгып Жергилктүү Кеңешинин 2017-жылдын 12-июнундагы VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Быйыл суу көп болгондугунан улам суунун деңгээли тез-тез. көтөрүлгөндүктөн суунун жээктерин бекемдөө максатында габион сеткаларын орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |