Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июну № 18
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу А.Чымканаев жана Терек-Сай о.м. ажаткана куруу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүңдө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу А.Чымканаев о.м. директору Г.Турдалиеванын 2017-жылдын 7-июнундагы кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек – Сай айылдык КеңешининVII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу А.Чымканаев жана Терек-Сай орто мектептерине ажаткана салуу үчүн 320 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |