Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июну № 19
Терек-Сай айылдык аймагынын Рудничная көчөсүнүн тургуну А.Сатибаевага материалдык жардам көрсөтүү жөнүңдө
Терек-Сай айылдык аймагынын Рудничная көчөсүнүн тургуну А.Сатибаеванын 2017-жылдын 12-майында жазган арызын карап чыгып жана талкуулап,Терек – Сай айылдык КеңешининVII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Рудничная көчөсүнүн тургуну А.Сатибаевага дарылануу үчүн материалдык жардам көрсөтүү максатында 50 00 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |