Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июну № 21
Терек-Сай ооруканасынын кызматкерлерине “Манас ордого” зыяратка барып келүүсүнүн транспорт чыгымдарына колдоо көрсөтүү жөнүңдө
Терек-Сай айылдык аймагынын Терек-Сай ооруканасынын башкы дарыгери П.Ташбалтаеванын 2017-жылдын 12-июнундагы жазган кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек – Сай айылдык КеңешининVII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай ооруканасынын кызматкерлеринин Талас облусундагы “Манас ордого” зыяратка барып келүүсүнүн транспорт чыгымдарына колдоо көрсөтүү үчүн 5000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |