Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июну № 22
Терек-Сай айылдык аймагынын Эшалы болуш көчөсүнүн тургуну А.Мураталиевге материалдык жардам көрсөтүү жөнүңдө
Терек-Сай айылдык аймагынын Эшалы болуш көчөсүнүн тургуну А.Мураталиевдин 2017-жылдын 06-июнундагы жазган кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Эшалы болуш көчөсүнүн тургуну А.Мураталиевге небереси, 1-топтогу майып Токтосун уулу Жыргалбектин дарылануусуна материалдык жардам берүү үчүн 5000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |