Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июну № 23
Терек-Сай айылдык аймагынын Мырзабаев көчөсүнүн тургуну К.Бекмуратовага материалдык жардам көрсөтүү жөнүңдө
Терек-Сай айылдык аймагынын Мырзабаев көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек – Сай айылдык КеңешининVII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Мырзабаев көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусунун негизинде К.Бекмуратованын турак үйү авариялык абалда тургандыгына байланыштуу материалдык жардам берүү үчүн 65000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |