Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июну № 25
Терек-Сай айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2018-2019-жылдардын божомолун бекитүү жөнүңдө
Кыргыз Республикасынын бюджет жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Терек-Сай айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2018-2019-жылдарынын долбоорун 2020-жылдын божомолун бекитүү жөнүндө финансы экономика бөлүм башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык КеңешининVII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 11566,0 миң сомго,2019-жыл 11856,0 миң сомго жана 2020-жылдын божомолу 12415,5 миң сомго бекитилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин долбоорлорун түзүүдө биринчи кезекте коргоого алынган беренелерге жана коммуналдык чыгымдарга каржылоо жагы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын бюджетинин негизги принциптери жана укуктары жөнүндө мыйзамынын 24-беренесине ылайык айылдык аймагынын башчысынын резервдик фонду ар бир жылдын жалпы чыгашанын 1 пайызынан алынып берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кеңештин туруктуу бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |