Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июну № 26
Терек-Сай айылдык аймагынын 2017-жылгы иштетилбей калган калдыкты бөлүштүрүү жөнүңдө
Терек-Сай айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүм башчысынын иштетилбей калган калдыкты жумшоо жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык КеңешининVII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинде 2017-жылга калган калдыгынын (свободный остаток) эсебинен 701 разделге ар түрдүү чыгымдар беренесине 300,0 миң сом жана 701 разделге иш-сапар чыгымдары беренесине 50,0 миң сом акча каражаты жалпысынан 350,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кеңештин туруктуу бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |