Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июну № 27
Салыктарды чогултуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык Кеңеши Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Суванованын кайрылуусунун негизинде Жергиликтүү Кеңештин сессиясында талкууланып, Чаткал райондук салык кызматынан салыктарды чогултуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишим түзүү боюнча
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук салык кызматынын атынан “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Терек-Сай айылдык аймагына келишим түзүү сунушталсын.
2. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук , укук тартиби, этика жана жаратылышты коргоо, экология боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |