Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июну № 28
Терек-Сай айылдык аймагынын Горняк-1 көчөсүнүн тургуну Н.Тайиралиевага материалдык жардам көрсөтүү жөнүңдө
Терек-Сай айылдык аймагынын Горняк-1 көчөсүнүн тургуну Н.Тайиралиеванын 2017-жылдын 03-июнунда жазган арызын карап чыгып жана талкуулап,Терек – Сай айылдык КеңешининVII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Горняк-1 көчөсүнүн тургуну Н.Тайиралиевага баласы А.Урматбековдун ден-соолугуна байланыштуу дарылатуу үчүн материалдык жардам көрсөтүү максатында 30 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |