Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июлу № 1
Эти Бакыр Терек-Сай” ЖЧКоомунун кайрылуусун кароо жөнүндө
“Эти Бакыр Терек-Сай” ЖЧКоомунун кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын жер казыналар боюнча мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык “Эти Бакыр Терек-Сай” ЖЧКнун 2016-жылдын 20-январындагы №4520 АЕ номерлүү Лицензиясынын негизинде, (“Тереккан”, “Терек”, “Первальное”, “Дальний” участкаларын) жер тилкелерин убактылуу кен казуу, керектүү маанидеги инфраструктураларды куруу максатында пайдаланууга берүү үчүн сурап жазган кайрылуусу менен таанышып, талкуулап Жергиликтүү Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Терек-Сай айылдык аймагына:
1. Терек-Сай айылдык аймагында жайгашкан “Тереккан”, “Терек”, “Первальное”, “Дальний” участкаларынын ичинен суралган жер тилкелерин Лицензиялык мөөнөтү бүткөнгө чейин кен казуу, керектүү маанидеги инфраструктураларды куруу үчүн (өзгөчө маанилүү айыл чарба, жеке менчик жана муниципалдык жерлерден тышкары жерлерди) 199,9 га жер тилкеси убактылуу пайдаланууга берилсин.
2. “Эти Бакыр Терек-Сай” ЖЧКга Жер тилкелерин убактылуу пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүсү милдеттендирилсин жана пайдалануу мөөнөтү бүткөндөн кийин бузулган жерлерди калыбына келтирүү жумуштарын жасоо жагы эсертилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөгө алуу жагы өнөр жай, транспорт, байланыш, курулуш, энергетика жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |