Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июлу № 2
Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата №4 УДТ кызматкерлерине колдоо көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын №4 УДТнун башкы дарыгери Р.Ташбаеванын 2017-жылдын 28-июнундагы кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жергиликтүү Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата №4 УБТнун кызматкерлерине колдоо көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 5000 (беш мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |