Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июлу № 4
Эшалы болуш көчөсүндө жайгашкан спорт залдын утурумдук ремонтуна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын Эшалы болуш көчөсүндө жайгашкан спорт залдын тренери Ж.Ташболотовдун кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жергиликтүү Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын Эшалы болуш көчөсүндө жайгашкан спорт залдын утурумдук ремонтуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен 31 000(отуз бир мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |