Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июлу № 5
Кызыл-Токой айылынын тургуну С.Мамбеткуловго материалдык жардам берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын тургуну Мамбеткулов Сулайманкулдун ден-соолугуна байланыштуу жазган арызын карап чыгып, талкуулап Жергиликтүү Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын тургуну С.Мамбеткуловго материалдык жардам берүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20000 (жыйырма мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |