Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июлу № 6
Школьная-2 көчөсүндөгү булакты ондоп-түзөө иштерине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Школьная-2 көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жергиликтүү Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Школьная-2 көчөсүндө жайгашкан булакты ондоп-түзөө иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20000 (жыйырма мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |