Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июлу № 7
Кызыл-Токой айылындагы үлүшкө кетүүчү арыктарды тазалоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын тургундарынын кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жергиликтүү Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы үлүшкө кетүүчү арыктарды тазалоо иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 15000 (он беш мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |