Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июлу № 8
Терек-Сай айылдык аймагынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча АСКИД программасын орнотуу үчүн компьютер комплектисин алуу жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын жооптуу катчысы Б.Анарбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жергиликтүү Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча АСКИД программасын орнотуу үчүн компьютер комплект алууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |