Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-июлу № 2
”Терексай жаштары ” ЖЧКоомунун кайрылуусун кароо жөнүндө
“Терексай жаштары ” ЖЧКоомунун кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын жер казыналар боюнча мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык “ Терексай жаштары ” ЖЧКнун 2015-жылдын 27-январындагы № 3785 номерлуу МЕ Лицензиясынын жана №2 Лицензиялык макулдашуунун негизинде ( Шалдыр участкасындагы Кассан кендерин иштетүүгө ) жер тилкелерин убактылуу кен казуу, керектүү маанидеги инфраструктураларды куруу максатында пайдаланууга берүү үчүн 2017-жылдын 28-июлундагы кайрылуусуна ылайык таанышып жана талкуулап Терек – Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Терек-Сай айылдыкаймагына :
1. Терек-Сай айылдык аймагында жайгашкан Шалдыр участкасындагы Кассан кендерин иштетүүгө берилген жер тилкелерин Лицензиялык мөөнөтү бүткөнгө чейин кен казуу, керектүү маанидеги инфраструктуралары куруу үчүн (өзгөчө маанилүү айыл чарба, жеке менчик жана муниципалдык жерлерден тышкары жерлерди) 25,36 га жер тилкеси убактылуу пайдаланууга берилсин.
2. « Терексай жаштары » ЖЧКна Жер тилкелерин убактылуу пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын тийиштүү Мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүсү милдеттендирилсин жана пайдалануу мөөнөтү бүткөндөн кийин бузулган жерлерди калыбына келтирүү жумуштарын жасоо жагы эскертилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өнөр жай, транспорт, байланыш, курулуш, энергетика жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |