Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-июлу № 3
Терек – Сай айылдык КеңешининVII чакырылышынын кезексиз I сессиясы. Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Турдалиевдин Терек-Сай айыл аймагынын алдында уюштурулган коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) Уставын юстициядан каттоодон өткөрүү жана печать, штамп алууга уруксат берүү жөнүндө кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек Сай айыл аймагынын башчысы Б.Турдалиевдин Терек-Сай айыл аймагынын алдында уюштурулган коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) Уставын юстициядан каттоодон өткөрүү жана печать, штамп алууга уруксат сураган кайрылуусу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы №747 токтому менен бекитилген коомдук алдын алуу борборунун типтүү Уставына ылайык, Терек-Сай айыл аймагынын алдында уюштурулган коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) Уставын юстициядан каттоодон өткөрүү жана печать, штамп алуу жана борбордун жетекчисин Терек-Сай айыл аймагынын буйругу менен бекитүү боюнча иштерин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жүргүзүү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Турдалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өнөр жай, транспорт, байланыш, курулуш, энергетика жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |