Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-августу № 1
Терек-Сай Тазалык” ишканасына акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Терек-Сай Тазалык” ишканасынын жетекчиси Ш.Балтагуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык аймагынын Жергиликтүү Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай Тазалык ” Ишканасына Эшалы болуш көчөсүндөгү көпүрөнүн эки жанына сетка тосуу жана таштанды таштоочу “жердин айланасын тосуу( ограждение) кызматы үчүн 29438( жыйырма тогуз миң төрт жүз отуз сегиз) сом бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Терек-Сай айылдык аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарырылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |