Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-августу № 2
Терек-Сай айылдык аймагынын ички жолдорун асфальттоону көзөмөлдөөчү технадзордун айлыгын соц.пакеттин эсебинен төлөп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын ички жолдорун көзөмөлдөөчү технадзордун айлык маянасын “ Эти Бакыр Терексай”ЖЧКнун соц.пакетинен төлөп берүү жөнүндө технадзор Т.Атабековдун билдирүүсун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык аймагынын Жергиликтуу Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын ички жолдорун көзөмөлдөөчү технадзордун айлык маянасын “Эти Бакыр Терексай ” ЖЧКнун соц. пакетинин эсебинен 160 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Терек-Сай айылдык аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана транспорт байланыш, курулуш боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |