Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-августу № 3
Терек-Сай айылдык аймагынын тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын соц адиси К.Т.Качикееванын I топтогу майыптарга 2017-жылга карата материалдык жардам берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык аймагынын Жергиликтуу Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын I топтогу майыптар:Тойчиев Эрмекке 5000 сом, Сарпбеков Жеңишбекке 5000 сом, Өмуралиева Гүлбайрага 5000 сом, Колесников Валерийге 5000 сом жана ден соолугуна байланыштуу Дөңбаева Жийдебүбүгө 5000 материалдык жардам берүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпысы 25000 ( жыйырма беш мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |