Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-августу № 4
А.Чымканаев атындагы орто мектебине караштуу жер тилкесин тосуу жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы орто мектебинин айланасын тосуу жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык аймагынын Жергиликтуу Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы орто мектебине караштуу жер тилкесин тосуу үчүн 82300 сом бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |