Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августу № 1
Терек-Сай айылдык аймагында 2017-жылдын 18-август күнү Эшалы болуш көчөсүндө коомдук турак жайдын күйүп кетип 8-үй-бүлө жабыркагандыгына байланыштуу материалдык жардам бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Эшалы болуш көчөсүндөгү коомдук турак- жайдан чыккан өрттүн кесепетинен жабыркаган 8-үй-бүлөгө материалдык жана моралдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү Терек-Сай айылдык аймагынын башчысы Б.Турдалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын 2017-жылдын 18-август күнү Эшалы болуш көчөсүндө коомдук турак жайдын күйүп кетип, 8-үй-бүлө жабыркап калгандыгына байланыштуу ар бир үй-бүлөгө төмөндөгүдөй акча каражаты бөлүнүп берилсин.
1. Борукеев Айылчы -20000 сом
2. Омурбеков Нуркалык -20000 сом
3. Койлубаева Чолпон -20000 сом
4. Жанболотова Зарипа - 20000 сом
5. Багышбаева Гулнара -20000 сом
6. Кожомжаров Эмилбек -20000 сом
7. Ормотоев Нарбай -20000 сом
8. Чымканаев Абдыкапар -20000 сом
2. Жабыр тарткандарга, ошол жерде жумуш аткаргандарга продукты алып бергенге, иштеген техникаларга бензинге ж.б жумуштарга 30 000 сом акча каражаты берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы ФЭБ башчы Т.Сувановага жүктөлсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |