Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августу № 2
“Терек-Сай айылдык аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылга кошумча бюджеттик сметасын бекитүү жана атайын техника алуу үчүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин гранттык счетуна акча каражатын которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жайыт жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Терек – Сай айылдык аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылга кошумча бюджеттик сметасын бектитүү жана атайын техника алуу үчүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин гранттык счетуна акча каржатын которуу жөнүндө Терек-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылга кошумча бюджеттик сметасы 34 095 сомго бекитилсин.
2. Терек-Сай айылдык аймагынын Жайыт комитетине 2017-жыл үчүн АРИСтен 2 625 000 сомдук атайын техника фронталдык погрузчик , ковшу 3 тонналык техниканы сатып алууга өздүк салымдын 25% 875 000 сом Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин гранттык счетуна которулсун.
3. Бул токтомдун аткарылышы ФЭБ башчы Т.Сувановага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |